Нарын облусуна 249,3 млн сом бөлүндү
Нарын облусу боюнча ушул жылдын беш айында республикалык бюджеттен жалпы бюджеттер аралык трансферттерге 249,3 млн. сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каржылоонун жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү түздү:
- теңдештирүүчү трансферттерге – 196,4 млн.;
- мамлекеттик ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөргө - 18,2 млн.сом;
- электр энергиясына болгон 50% компенсацияга - 27,2 млн. сом;
- башкы планга – 7,5 млн. сом (калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу) сарпталган.