6 жылдан бери дыйкандарга 34,2 млрд сомго насыя берилген

4 мая 2020, 10:15

2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору аркылуу дыйкандарга 34,2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору аркылуу былтыр дыйкандарга 5 млрд 700 млн сом берилген.

«2013-жылдан бери 34 млрд 200 млн сом насыя берилип, аны 90 миңден ашык адам алган. Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча насыя алууда бир топ кыйынчылыктар болгон: блокпосттордон өтүү, банкке жетүү ж.б. Бүгүнкү күнгө карата дыйкандарга 1 млрд 711 млн сом насыя берилип, аны 2 миңден ашык киши алды», - деди ал.