Насыянын дээрлик 68% узак мөөнөттүү убакытка берилген
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын насыя портфели 162 млрд сомго жетти. Анын ичинен дээрлик 138 млрд сом - узак мөөнөткө берилген, - деп жазылат Улутттук банктын отчетунда.
Тагыраагы, 71,4 млрд сом дээрлик үч жылдык мөөнөткө, 66.5 млрд сом - 1-3 жылдык мөөнөткө берилген.
Калган 19.8 млрд сом - кыска мөөнөттүү убакытка берилген:
- 0-1 айга – 2 млрд сом;
- 1-3 айга – 1.1 млрд сом;
- 3-6 айга – 3.5 млрд сом;
- 6-12 айга – 13 млрд сом.
Ал эми убагында төлөнбөгөн насыянын көлөмү дээрлик 4.1 млрд сомду түзгөн.