«Navi Taxi» антимонополия кызматына айыпка жыгылды

11 января 2024, 12:05

Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн “Navi Taxi” кызматына 13 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргызстандын "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде кызмат "Алабель АНБМ" ЖЧКсынан (Navi Taxi) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. 

"Алабель АНБМ" ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.