Назаров: «Кыргызстанда энергосектордун абалы оор»

6 декабря 2019, 16:46

«Кыргызстанда энергетика секторунун абалы оор, бирок стабилдүү иштеп жатат», — деп билдирди Улуттукэнергохолдингтин жетекчиси Айтмамат Назаров. 

Анын айтымында, компаниянын кирешеси 20 млрд сомду түзөт. Бирок, чыгаша андан дагы ашат.

«Канча чогултсак, ошончо кайра кетиребиз. Коомчулук энергетиктерди, электр жарыгы өчүрүлгөндө гана эстешет. А биз болсо аларды, маселе жаралганда гана эстейбиз», — деп айтты.