Айыл чарба министрлигине Токтогазиевдин талапкерлиги жактырылды

21 октября 2020, 19:27

21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогору Кеңештин жалпы жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги жактырылды.

Тилек Токтогазиев депутаттардын көпчүлүк колдоосуна ээ болду.

Белгилей кетсек,  Эркинбек Чодуев кызматтан алынган.

Анын ордуна Тилек Токтогазиев жалгыз талапкер катары сунушталган.