«Манас» аэропортунун филиалынын башкы директору дайындалды

1 ноября 2021, 10:56

"Манас эл аралык аэропорту" ААКнын туундусу "Манас Тренинг Центр" ЖЧКсынын башкы директору шайланды. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржанын сайтында маалымдалды.

"Манас Тренинг Центр" жоопкерчилиги чектелген коомунун жалгыз негиздөөчүсү "Манас эл аралык аэропорту" ААКсы 2021-жылдын 15-октябрында Медербек Жүндүбаевди ишкананын башкы директору кылып дайындоо чечимин кабыл алды.