«Эйр KG» компаниясынын башкы директору дайындалды
"Манас" эл аралык аэропортунун туунду компаниясы "Эйр KG" авиакомпаниясынын башкы директору дайындалды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Азат Догочиев "Эйр KG" авиакомпаниясынын башкы директору кызматынан бошотулган. Бош орунга Улукбек Тасмабеков дайындалды.