«Манас» аэропортунун Оштогу филиалына жаңы жетекчи дайындалды

20 января 2023, 15:09

Тимурлан Маданбеков "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи "Ош" эл аралык аэропортунун эмгек жамаатына 19-январда тааныштырылды.

Тимурлан Орунбеков буга чейин "МЭА" ААКнын Оштогу филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.