«Электр станциялары» ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

12 декабря 2022, 15:18

“Электр станциялары” ААКсына жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Белгилей кетсек, “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна Осмон Качкынбаев жетекчи болуп дайындалды. 

Эске салсак, буга чейин аталган мекемени Айбек Айдаралиев жетектеп келген. Маалыматка ылайык, ал ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетти.