Финансылык кредиттик фонддун жаңы жетекчиси дайындалды

10 марта 2023, 12:26

Элдияр Доолбеков Каржы министрлигинин Финансылык кредиттик фондунун жаңы төрагасы болуп дайындалды. Буга чейин ал төраганын орун басары болуп иштеген. 

Эске салсак, бир күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Каржы министрлигине караштуу Каржы жана кредиттик фонддун экс-жетекчиси Жусубалы Төрөмаматовдун ишин сынга алган.

Депутаттын айтымында, Жусубалы Төрөмаматов бул кызматта иштегенине жети жыл болду.