Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи дайындалды

23 мая 2023, 12:39

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы төрагасы Улан Сарбановдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу анын ордун Талант Өмүралиев ээлей турганы көрсөтүлгөн.