Баткен облусуна Өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды

5 мая 2021, 10:20

Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Анын ордуна Абдикарим Алимбаев дайындалды. Ал буга чейин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.