Жогорку Кеңештин аппаратына жаңы жетекчи дайындалды

9 сентября 2022, 13:55

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Тиешелүү буйрукка төрага Талант Мамытов кол койду.

Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган.

Жогорку юридикалык жана экономикалык билими бар, юридикалык илимдердин кандидаты.

Буга чейин Кыргызстан Эл аралык университетинин филиалында окутуучу, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты, юрист, Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы жана башка кызматтарда иштеген.