«Евразия сактык банкында» жаы убактылуу администратор дайындалды

28 марта 2023, 12:29

"Евразия сактык банкы" ААКтын убактылуу администратору болуп Таалайбек Алыбаев дайындалды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банк "Евразия сактык банкы" ААКда убактылуу администрациялоонун өзгөчө режимин 23-декабрдан баштап алты айга узарткан.

Белгилеп кетсек, банкта биринчи жолу убактылуу администрациянын өзгөчө режими 2018-жылы киргизилген.