Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

2 сентября 2022, 14:09

Кайып Куленбеков Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты “Акчабарга” Улуттук банктан бышыкташты.

Ал бул кызматка өз каалоосу менен иштен кеткен Нурбек Жеңиштин ордуна келди.

Ачык булактарды маалыматтарга ылайык, Кайып Куленбеков буга чейин Кыргызстандын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары болуп иштеген.