Кыргызстандын Түркмөнстан, Италия жана Кувейтте элчилери дайындалды

11 мая 2021, 10:20

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын тышкы өкүлчүлүктөрүнө талапкерлерди дайындоону жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси кызматына дайындалды, Таалай Базарбаев Италияга элчи болуп бекитилди.

Мындан тышкары, Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги элчиси жана Лира Сыдыкова Стамбулдагы башкы консул кызматына бекитилген.