Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо дайындалды

28 мая 2021, 11:00

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды. 

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.