Соцфонддун төрагасынын орун басарлары дайындалды

12 ноября 2021, 17:08

Бүгүн, 12-ноябрда Социалдык фонддун жамаатына төраганын жаңы орун басарлары тааныштырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, төраганын биринчи орун басары болуп Теңизбек Абжапаров келди. Гүлнура Жуматаева менен Улан Жума уулу да Социалдык фонддун төрага орун басарлары болушту.