Дүйнө жүзү боюнча популярдуу смартфондун аты аталды
Биринчи кварталдын жыйынтыгы менен iPhone 11 дүйнө жүзү боюнча эң көп сатылган смартфон аталды. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди.
Белгиленгендей, жалпы сатылган уюлдук телефондун ичинен популярдуу моделдин үлүшү 30% түзгөн. Кийинки орунга iPhone 11 Pro Max - 9% менен, үчүнчү орунга iPhone 11 Pro 7% сатык менен илинген.
Андан сырткары, топ-5ке iPhone XR жана Huawei Mate 30 Pro 5G кирди.
Сатылган смартфондордун ичинен Аpple маркасындагы телефондун үлүшү 57% түзгөн. Басылмадан белгилегендей, Apple жана Samsung Кытайдан башка өлкөлөрдө лидер аталган.