Улуттук банкка банктардын ликвиддүүлүгүн көзөмөлдөө барган сайын кымбаттоодо

15 декабря 2021, 16:31

Кече өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28-күндүк болгон кыска мөөнөттүү Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү, тиешелүүлүгүнө жараша 6,59%, 6,98% жана 7,25% түздү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, 7-декабрда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу кыска мөөнөттүү кагаздардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү, тиешелүүлүгүнө жараша 0,06%, 0,13% жана 0,04%га жогорулаган.

Эскерте кетсек, 14-декабрда Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу жолу менен банк тутумунан 9,6 млрд сом алууну пландаштырган.