Улуттук банк аукциондо 5.55 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

10 марта 2021, 09:00

Бүгүн 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

 

Эмиссиянын жалпы суммасы 5 млрд 550 млн сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 28 күндүк ноталардан тартууну (2.3 млрд сом) жана 14 күндүк ноталардан (1.55 млрд сом) тартууну көздөөдө.