Улуттук банк KICB директорлор кеңешинин кызмат ордуна талапкерди жактырды

7 февраля 2022, 09:09

Улуттук банк “Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы” жабык акционердик коому тарабынан сунушталган талапкерге макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.

Алсак, Улуттук банк Николь Шанталь Сюзанна Ардитти «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына бекитти. Мындай чечим ушул жылдын 3-февралында кабыл алынган.