«Капитал Банктын» директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү дайындалды
Улуттук банк коммерциялык банкка талапкерди бекитүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Ошентип, "Капитал Банк" ААК тарабынан сунушталган Эльвира Нурматованын талапкерлигин банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/текшерүү комиссиясынын төрайымынын кызмат ордуна бекитүү чечими кабыл алынды.
Чечим 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып күчүнө кирди.