Улуттук банк коммерциялык банктардын кагаз түрүндөгү отчетторунан баш тартты

23 декабря 2021, 13:04

Улуттук банк башкармалыгы 15-декабрда документтерди электрондук форматта берген коммерциялык банктардын отчетторун кагаз жүзүндө жеткирүү боюнча талаптарды алып салуу боюнча токтом кабыл алды.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдагы “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары үчүн милдеттүү болгон экономикалык стандарттар жана талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды, ага ылайык: “Отчет банктын жооптуу кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен электрондук форматта Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө берилет”.

Муну менен коммерциялык банктар документтин кагаз версиясын жөнгө салуучу органга жөнөтүүнүн зарылдыгы жок.