Улуттук банк банк тутумунан дагы 8,4 млрд сом алууну пландаштырууда

10 ноября 2021, 08:50

Бүгүн, 10-ноябрда Улуттук банк банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Эмиссиянын пландаштырылган суммасы 8,4 млрд сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 2-ноябрда Улуттук банк 9,1 миллиард сомдук эмиссиянын көлөмү пландалган ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөргөн. Натыйжада, ноталардын эсебинен банк тутумунан 8,5 млрд сом чыгарылып, жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк баалуу кагаздардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,02%, 6,41% жана 6,65%ды түздү.

Эске сала кетсек, Улуттук банктын ноталарынын аукциондорун өткөрүүнүн негизги максаты банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү алып салуу болуп саналат. Бул операциялар экономикадагы акчанын көлөмүн азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.