Улуттук банк төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин жыйынын өткөрдү

14 декабря 2021, 13:00

Кечээ, 13-декабрда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заира Чокоеванын төрагалыгы алдында төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болду. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө төлөм системасын өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, анын ичинде өлкөнүн аймактарын банк жабдуулары менен камсыздоо жана ар кандай төлөм инструменттери ортосундагы интеграция маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл коммерциялык банктар жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК тарабынан "Төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдын ички төлөмдөргө карата талаптарын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларга бурулду.