Улуттук банк Ош шаарынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

14 декабря 2021, 09:15

Ош облусунда 21-октябрдан 11-декабрга чейин Улуттук банк Германиянын Sparkassenstiftung менен биргеликте өткөргөн “Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын айыл аймактарын өнүктүрүүгө жана кичи жана орто ишканалардын потенциалын чыңдоого көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулган облустун тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк семинарлар өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө Ош шаарынын жана 24 айылдык конуштардын 700гө жакын жашоочулары финансылык сабаттуулуктун негиздерин үйрөтүштү. Ош облусунун калкын окутуу Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын, финансы-кредиттик уюмдардын жана Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен даярдалган финансылык сабаттуулук боюнча тренер-мультипликаторлор тарабынан жүргүзүлдү.