Улуттук банк 3,1 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

3 мая 2021, 17:17

2021-жылдын 4-майында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт, деп билдирет регулятор.

Чыгаруунун жалпы суммасы 3,1 миллиард сомду түзөт. Баарынан да 28 күндүк ноталардын эсебинен тартуу пландаштырылууда.

Кошумчалай кетсек, 91 күндүк ноталардан тышкары, бардык ноталардын максималдуу кирешелүүлүгү Улуттук банктын аукциондун күнүнө карата эсептик ченинен көз каранды.