Улуттук банк 6,8 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

11 февраля 2020, 09:15

Бүгүн, 11-февралда Улуттук банктын ноталарын 7,14,28 жана 91 күн айлануу мөөнөтүнө жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин баса сөз кызматы кабарлады.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 6,8 млрд сомду түзүп, баалуу кагаздардын эң чоң чыгарылышы – 2,8 млрд сом  7 күндүк ноталарга туура келет. Ал эми аз көлөмдөгү эмиссиялар 14,28 жана 91 күндүк ноталарга туш келип, эмиссиянын көлөмү 1,8 млрд, 1,7 млрд жана 500 млн сомду түзөт.

Баалуу кагаздардын чыгарылышы 12-февралга белгиленген.