Улуттук банк эки банктын кызмат орундарына талапкерлерди бекитти
Улуттук банк 2022-жылдын 3-ноябрында “Халык Банк Кыргызстан” башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына Нуриддин Жума-Ахуновдун талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу тийиштүү мекеме билдирди.
Нуриддин Жума-Ахунов “Халык Банк Кыргызстандын” атынан катышты.
Ошондой эле, Улуттук банк “РСК Банктын” Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы кызматына Алмазбек Токторбаевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.