УБ эки комбанктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн талапкерлигин макулдашты

22 февраля 2024, 11:21

Улуттук банк өлкөдөгү ири банктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча директорлор кеңешинин эки мүчөсүнүн талапкерлигин расмий макулдашты.

Ага ылайык, Эркин Тазабеков "Бай-Түшүм Банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу жана комплаенсти көзөмөлдөө боюнча комитеттин төрагасы кызматына бекитилди.

Ал эми Евгения Гашикулина FINKA Банк жабык акционердик коомунда ушундай кызматты ээлөөгө уруксат алды.