Улуттук банк микрофинансы компаниясына насыялардын жогорку пайыздык чендери үчүн айыппул салды

14 апреля 2021, 09:01

Микрофинансы компаниясына Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, насыя берүүдө негизсиз комиссия талап кылуу жаатында мыйзам бузуулар аныкталды.

"Улуттук банктын көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен микрофинансылык уюмга айып пул салынды", - деп билдиришти УБ.