Улуттук банк Кыргызстанда казылып алынган алтынды сом менен гана сатып алат

20 мая 2021, 17:53

Алтын-валюта резервдеринин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү өндүрүүчүлөр сунуш кылган алтынды улуттук валютага гана сатып алат, деп билдирди мекемедегилер. 

Улуттук банк тарабынан алтынды сатып алуу "Кыргызалтын" компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында гана жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Учурда, "Кыргызалтын" белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтындын кезектеги партиясын Улуттук банкка сатып алуу сунушу менен кайрылды.

Учурда бул сунушту кароо процесси жүрүп жатат.