КР УБ банктар арасында насыя аукционун өткөзөт

29 октября 2019, 09:29

КР Улуттук банкы «Айыл-чарба тармагын каржылоо - 7» долбооруна катышуучу коммерциялык банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. 

Насыянын жалпы суммасы – 1.5 млрд сом түзөт жана 6 айга берилет. Бөлүнгөн каражат мал-чарба, айыл-чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү жана кайра иштетүүгө жумшалат. 

Коммерциялык банктар аукционго катышуу үчүн 20 млн сомдон тарта, 450 млн сомго чейин арыз таштаса болот. Пайыздык чен аукцион учурунда, эсептик ченге жараша коюлат.