Казахстанда Улуттук Банкта жаңы жетекчи дайындалды

26 февраля 2019, 09:00

25-февралда сенаттын депутаттары  Ерболат Досаевди Казахстандын Улуттук Банкынын башчылыгына талапкерлигин колдоп беришти. Буга чейин   президент Нурсултан Назарбаев Улуттук Банктын  башчысы Данияр Акишевди кызматынан бошоткон деп жарыялады nur.kz.

«Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Сиздерге Улуттук банктын башчылыгына талапкерди макулдашууга алып келдим.  Нурсултан Назарбаев бул кызматка Ерболат Досаевдин талапкерлигин сунуштады», — деп билдирди парламентте президенттин администрация башчысы  Асет Исекешев.

Анын айтымында сунушталган талапкер өз кызматында жоопкерчиликтүү, мыкты финансист катары көрсөтө алды.

Айтылгандай Улуттук Банктын жетекчилигине Досаевдин талапкерлигин  депутаттар тарабынан колдоого алынды.