Өндүрүштөн жабыркагандарга 123 млн сомдон ашык каражат төлөнүп берилди

19 февраля 2024, 09:37

2023-жылы Эмгек министрлиги 2,6 миң эмгек мыйзамдарын бузууну аныктаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Натыйжада иш берүүчүлөргө 4,8 млн сом айып пул салынды.

“Мындан тышкары, 171 өндүрүштүк кырсык иликтенген. Аталган башкармалык 123,3 млн сомдук кырсыктар үчүн компенсация алууга жардам берген”, - деп билдирди басма сөз кызматы. 

Ошондой эле, башкармалык тарабынан 25,9 млн сом өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акыларды өндүрүүгө көмөктөшкөн.