ЕАЭБден күйүүчү майларга акциздик салык мамлекеттик бюджетке 810,8 млн сомго көп түштү

2 декабря 2021, 11:06

Ушул жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон мунай продуктуларына акциздик салык түрүндө мамлекеттик бюджетке 3 миллиард 349 миллион 53,2 миң сом түшкөн. Мындай маалыматтарды республиканын Финансы министрлиги билдирди.

Каражаттын басымдуу бөлүгүн бензиндин, жеңил жана орто дистилляттардын импортуна акциз салыгы – 3 миллиард 114 миллион 429,3 миң сом түзөт.

Калган салык ЕАЭБден авиакеросин (191 872 сом), дизель майы (202 250 000 сом), мазут (972 695 сом) жана май (31 миллион 209,3 миң сом) импорттоодон түшкөн.

Ошону менен бирге, 2020-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу ЕАЭБден импорттолгон мунай продуктыларына акциздик салык түрүндө мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 538 миллион 237,8 миң сом түшкөн. Алсак, уушул жылы кирешелердин өсүшү 810,8 миллион сомду түздү. Ал бензинди импорттоого акциздик салыктын 38,17%га жогорулашына байланыштуу.