ААК «Жалалабатэлектронун» аткарган жумушу канааттандыраарлык деп табылды

7 ноября 2019, 10:40

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен ААК «Жалалабатэлектро» электр энергиядан чогултулган каражаты жана жүргүзгөн курулуш иштери канааттандырарлык деп табылды. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингтин жетекчиси Айтмамат Назаровдун жетекчилиги астында өткөрүлгөн жыйында билинди. 

ААК «Жалалабатэлектронун»  генералдык директору Дурусбек Рахманов билдиргендей, айрым райондук электр тармак тарабынан бекитилген планды аткарууда кемчиликтер кеткен. 

Мындан улам, Айтмамат Назаров  иш милдеттеринде кемчилик табылган Токтогул жана Кара-Көл РЭТинин жетекчилерин жумуш ордунан четтетүү тууралуу ААК «Жалалабатэлектронун»  жетекчилигине сунушун берди. Андан сырткары, текшерүү жүргүзүп, бардык кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча тапшырмасын берди.