Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепте 188,9 млн сом калды

2 февраля 2023, 11:45

Учурда Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсептин калган бөлүгү 188 млн 945,34 сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Баткен облусундагы куралдуу кагылышуу учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке жалпысынан 349 миллион 316,45 сом которулган.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоо максатында келип түшкөн ыктыярдуу каражаттарды топтоо жана максаттуу пайдалануу үчүн “РСК Банк” ААК менен “Айыл Банк” ААКнын казыналык системасында жана коммерциялык банктарында улуттук жана чет элдик валютада атайын эсептер ачылган, - деп билдирди Каржы министрлиги.