Туура эмес жарнама бизнеске дээрлик 1 млн сом зыян келтирди

9 декабря 2021, 11:07

Быйыл Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан “Жарнак жөнүндө” мыйзамды бузган ишкерлерге 917,5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Бул тууралуу мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Баарынан да ишкерлерге бардык суммалар улуттук валютага конвертацияланууга тийиш деген мыйзамдын талаптарына каршы туруп, жарнамада товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын АКШ долларында көрсөткөнү үчүн төлөөгө туура келген.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, бул укуктук ченемдин талабына көбүнчө курулуш компаниялары көңүл бурбай келет деген тыянак чыгарууга болот.

Жарнамада колдонулган Кыргызстандын картасынын туура эмес көрсөтүлгөн контурлары үчүн ишканаларга 64 миң сом айып салынды.

Эскерте кетсек, "Айыл Банк" жана "Оптима Банк" дагы туура эмес жарнама үчүн айыпка жыгылган.