Кыргызстанда айрым социалдык объектилер 20 жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келет

19 июля 2022, 11:38

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин карамагында турган 117 объект узак мөөнөттөн бери курулууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов КР укук коргоо, фискалдык жана башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, бул тизмеде 83 мектеп, 12 бала бакча, 7 саламаттыкты сактоо, 11 маданият жана спорт объектилери жана 4 башка объект бар.

Белгиленгендей, бул объектилердин айрымдарында курулушу 2000-жылы башталган.

Бүгүнкү күндө мекеменин карамагындагы 492 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат.