Германиялык компания Токмокто күн көмөк чордонун курат

22 июня 2021, 15:00

Кыргызстанда күн электр станциялары курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин башчысынын орун басары Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Энергетика министрлиги Германиялык компания менен Токмокто күн көмөк чордонун куруу боюнча меморандумга кол койду. Мындан тышкары, ал жерде кубаттуулугу 125 мегаватт болгон технопарк ачылат.

"Алынган энергиянын бир бөлүгүн технопарк иштетет, калганын кыргыз өкмөтү сатып алат. Мындан тышкары, Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылынын 62 гектар жерине кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн батареялары орнотулат. Тиешелүү меморандумга "Бишкек солорс" компаниясы менен кол коюлган. Эки долбоорду каржылоо аяктады", - деди Ибраев.

Кошумчалай кетсек, Орловкада кремний чыгарган орусиялык компания дагы кубаттуулугу 200 мегаватт болгон күн подстанциясын курууну пландап жатат.