Туристтик жерлерге түз каттамдарды ачуу керек – Темиралиев

29 сентября 2022, 11:45

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин артыкчылыктуу багыттарынын бири — туруктуу туризмди өнүктүрүү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Түштүк Корея жана араб өлкөлөрү Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар болууда.

«Туристтердин өлкөгө инвестиция кылышы үчүн  жөн гана Ысык-Көлдү көрсөтүп, тамактандыруу жетиштүү эмес. Инфраструктураны жакшыртуу жана Кыргызстанга виза алууну жеңилдетишибиз керек», – дейт маалыматта.

Мындан тышкары, ал «Манас» аэропортунан келген жол туристтерге өтө узак болуп жатканын, андыктан туристтик жерлерге, мисалы Тамчы аэропортуна түз каттамдарды ачуу керектигин кошумчалады.

«Бир гана жайкы сезондо акча таба албайсың. Иш жыл бою улантылышы керек. Учурда эс алуу жайларында спортчулардын машыгуусун камсыздоонун үстүндө иштеп жатабыз», — деди Умбриэль Темиралиев.