Юстиция министрлигинде негизсиз кошумча төлөмдөр 9 млн сомдон ашты

15 марта 2023, 10:34

Юстиция министрлигинде 2021-жылга бюджеттин аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча Эсеп палатасы 9 миллион 540,8 миң сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Мыйзам бузуулардын суммасы төмөндөгүлөрдөн турганы такталды.

  • 9 млн 394,8 миң сом өлчөмүндө эмгек акыга негизсиз кошумча төлөмдөрдү, 36,8 миң сомдук материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу,
  • негизсиз жол кире чыгымдары - 2,7 миң сом,
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 29,3 миң сом.

Мындан тышкары 73,4 миң сом суммасында жашырылган дебитордук карыздар, ошондой эле бюджетке 3,8 миң сом кошумча чегерилген кирешелер аныкталган.

Бюджеттин резервдери жана чыгашалары 94,6 миң сомду, сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар 229,6 миң сомду түздү.