Салыктан качкандар мамлекетке 12 млрд сом карыз

21 февраля 2023, 13:56

Кыргызстанда салык төлөбөгөн 71 миң адам бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.

Ал белгилегендей, өткөн жылдагы карыздын жалпы суммасы 12 млрд смоду түзөт.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, бардык чектөөлөрдү тез арада алып салууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү сунуштоодо.