Бишкектеги курулуш компаниялар 80 ашык долбоорду жүзөгө ашыра албай келишет
Бишкектеги курулуш компаниялар 80 ашык долбоорду жүзөгө ашыра албай келишет. Анын себеби, пландаштырылган документтердин жоктугу. Борбордогу курулуш бизнесиндеги маселелер тууралуу парламенттин депутаттарына «ЖИА Бизнес-ассоциациянын» өкүлдөрү айтып беришти.
Ишкерлердин айтымында, курулуш иштерине байланышкан документтерди тезинен иштеп чыгуу - бул тармактагы жемкорлукту азайтат. Инженер-техникалык инфраструктурага кошуу курулушчулардын мойнунда деп билдиришти бирикменин өкүлдөрү.
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев: «Курулуш иштерине уруксат берүү жолу 97 иш күндөн ашпашы керек. Бирок, учурда ал 426 күндү же 1 жыл 2 ай убакытты алууда. Ошондуктан курулуш иштери 4-5 жылга чейин созулууда. Экономикалык эсеп менен алып караганда, эгерде курулуш 11 айдан көп жүргүзүлсө, анда жоготуу башталат», — деп билдирди.