Мамлекеттик органдар дээрлик 80 млн сомго кагаз сатып алат

7 марта 2024, 10:52

Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу Сатып алуу борбору кеңсе кагаздарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Белгилеп кетсек, сатып алына турган кагаздын жалпы суммасы 79 млн 766,9 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, Бишкек шаарында кагаз сатып алууга 36 млн сомдон ашык каражат сарпталат.