Баткен токой чарбасынын 84 млн сомдук участогу мыйзамсыз сатылган

20 июня 2023, 09:51

Базар баасы 83 млн 859,3 миң сомду түзгөн 1 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей жер Баткен райондук кеңешинин чечими менен кызматтык жана кадимки жайларды курууга бөлүнгөн. Ага ылайык, К.А. аттуу жаранга алып-сатуу келишиминин негизинде сатылган. 

Маалым болгондой, көзөмөл органы сот органдарына доо арыз менен кайрылып, толугу менен канааттандырылган. Ошентип жер тилкеси Баткен токой чарбасынын балансына кайтарылды.