Ош шаарында мыйзамсыз сатылып кеткен кинотеатр мамлекетке кайтарылат

24 декабря 2020, 16:50

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан "Весна" жайкы кинотеатрынын имаратын жанындагы 332 чарчы метр жер тилкеси менен мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Объекттин баасы 26 миллион сомго бааланган, деп билдирди көзөмөлдөө органынын басма сөз кызматы.

Мекемеден билдиришкендей, сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде бул объектинин ээлери бир нече жолу алмашкан. Сот прокуратуранын доо арызын канааттандырып, кинотеатрдын сатылышын мыйзамсыз деп тапты.

"Учурда Ош облустук прокуратурасынын сунушунун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жайкы кинотеатрды мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.